6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өтүүдө. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында өтүп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышат.
"Саясат" командасынын оюнчусу Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов даярдыктар жакшы экенин айтты. "Бүгүн маанай жакшы. Турнирдин уюштуруучуларына рахмат. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында оюн өтөт. Күчтүү команда жеңишке жетсин. Спортто күчтүүлөр жеңет. Иш көп, убакыт аз болгондуктан аптанын 2-4-күндөрү гана машыгып жаттык", - дейт Турускулов.