"Суперфутбол-2019": "Шоу-бизнес" командасынын капитаны ырчы Урмат Усенов: "Буюрса жеңебиз деп турабыз"

"Шоу-бизнес" командасынын капитаны ырчы Урмат Усенов оюн алдынан даярдык тууралуу айтты.

"Биз сентябрь айынан баштап машыгып жаттык. Буга чейин Ош шаарына дагы бүгүнкү ойной турган курам менен барып жакшы оюн көрсөттүк. Буюрса жеңебиз деп турабыз. Боло турган оюнда буга чейин беттешкен журналисттер командасын жакшы тааныйбыз, күчтүү атаандаштарыбыздын бири ошол тарап десем болот", - дейт Урмат Усенов.

6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өтүүдө. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан