"Суперфутбол-2019": "Көк бөрү" командасынын капитаны Бахтияр Таалайбек уулу: "Бизде жеңишке болгон ишеним күч"

Бүгүн, 6-октябрда “Суперфутбол-2019” турнири 4 команданын катышуусунда Футбол федерациясынын стадионунда өтүп жатат. Аталган 4 команда саясат, шоу-бизнес, көк бөрү, ЖМК өкүлдөрүнөн куралган.

Биз "Көк бөрү" командасынын капитаны Бахтияр Таалайбек уулун кепке тарттык. Ал жеңишке ишеним күч экенин айтат. "Оюнга өтө катуу даярдана алган жокпуз. Бирок жеңебиз деген ишеним күч. Анткени командада өз алдынча даярданган мыкты оюнчулар чогулду. Себеби буга чейин Көк бөрү боюнча команда жетекчилери менен сүйлөшүлүп, алар мыкты ойной ала турган оюнчуларын сунуштаган. Мындан улам жеңебиз деп турабыз", - деди Бахтияр Таалайбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан