Саясат командасынын оюнчусу Равшан Жээнбеков белгилегендей, футбол деген бул атаандаштык. "Ким күчтүү болсо, ошол утуш керек. Саясатта күчтүүлөр алсыздарды баса калат. Футболдо адилеттүү ким жакшы ойносо ошол утат. Журналисттер утабыз го деп ойлоп жатам", - дейт Жээнбеков.
Учурда журналисттер командасы менен саясатчылар командасы футбол боюнча беттешип жатышат.
Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатсылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышат.