Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жеңишке "Саясатчылар" командасы жете турганын айтты. "Кудай буюрса, журналисттерди утабыз деп ойлоп жатабыз. Журналисттерди карасак бизден 20 жаш кичүү экен. Алып баруучу "саясатчылар казы-карта жейт, чуркаганын көрөбүз" деп шылдыңдап кетти. Чуркаганыбызды көрөсүңөр. Биз деле сергек жашоону сактаганга аракет кылып жүрөбүз", - дейт Исаев.
Учурда саясатчылар командасы менен журналисттер командасы футбол боюнча мелдешүүдө.
Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.