"Жалал-Абад облусунун 24 айылын камтыган долбоордун сметалык-долбоордук иш кагаздары даярдала баштады" дейт өкмөт башчы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл округундагы суу менен камсыздоо системинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүүгө, айрыкча калкты ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө маани берет. Бул маселени комплекстүү чечүү жарандардын жашоо-турмушун бир топ эсе жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрөт. Ар бир айылда таза суу жеткиликтүү болушу үчүн көп иштер жасалууда. "Таза Суу" программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын аракеттешүүсү менен Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 117 айылын камтыган масштабдуу долбоор үзүрлүү ишке ашырылууда. 94 миллион 200 миң долларга бааланган долбоор үч баскыч менен жүзөгө ашырылат. 2018-жылы 17 айылда суу менен камсыздоо системинин курулушу аяктаган", – деди өкмөт башчы айылдыктардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Премьер-министр билдиргендей, 2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 10 айылдын таза суу маселеси чечилет.

"Учурда Жалал-Абад облусунун 24 айылын камтыган долбоордун сметалык-долбоордук иш кагаздары даярдала баштады. Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Мындан тышкары Нарын, Талас жана Баткен облустарынын 133 айылын камтыган 90 миллион доллардан ашык ири долбоор Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 2020-2023-жылдардын аралыгында ишке ашырылат", – деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан