"Супер-Инфо” гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курама команданы колдоо максатында уюштурулган “Суперфутбол-2019” турниринде алгач саясатчылар менен журналисттер кез келди. Оюн кызуу өтүп, 7:4 эсебинде журналисттердин пайдасы менен жыйынтыкталды.
“Оюнга даярдык көргөнбүз. Абдан кызыктуу оюн өттү. Атаандаштар да өздөрүн мыкты көрсөтүштү”, - деди спорт баяндамачы Алымбек Адылбеков.
Журналисттерден куралган команданын оюнчусу Адилет Керимбек уулу саясатчылар алар үчүн татыктуу атаандаш болгонун белгиледи.
“Оюн абдан чоң чыңалууда өттү. Саясатчы агалар да күчтүү оюн көрсөтүштү. Оюн достук маанайда болуп, биздин жеңиш менен аяктады. Алдыда көк бөрүчүлөр менен шоу бизнес өкүлдөрү кез келет. Менимче, пенальти менен жыйынтыкталып, жеңген команда менен биз ат салышабыз. Буюрса анда да жеңиш бизде болот деп ойлойбуз”, - деди ал.