"Суперфутбол-2019": Депутат Кыдыралиев: "Бүгүнкү беттеш мыкты деңгээлде өтүп жатат"

"Саясатчылар" командасынын оюнчусу Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев бүгүнкү футбол эң мыкты деңгээлде өткөнүн айтты. "Мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз. Бул беттеште жаштык утту десем жаңылышпайм. Ошентсе да журналисттерге мыкты оюн үчүн рахмат. Бул демилге футбол боюнча улуттук курамга жакшы колдоо болот деген ишеничтемин", - дейт Кыдыралиев.

"Журналисттер" командасы "Саясатчылар" командасын 7:4 эсеби менен утушту.

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан