"Суперфутбол-2019": "Көк бөрү" командасынын оюнчусу Адилет Адисбек уулу даярдыксыз келишсе да жеңишке жетише турганын айтты

"Көк бөрү" командасынын оюнчусу Адилет Адисбек уулу оюнга даярдыксыз келишкенин айтты. "Шоу-бизнес" командасы ар дайым футбол ойноп, машыгып келген оюнчулар. Бизде даярдык жок, техникабыз анча жакшы эмес болуп турат. Ошого карабастан, жакшы оюн көрсөтүп жатабыз деп өзүбүзгө баа берер элем. Биз бүгүн утабыз деп ишенем", - дейт Адилет Адисбек уулу.

Учурда "Шоу-бизнес" командасы менен "Көк бөрү" командасы футбол боюнча мелдешип жатышат.

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан