"Суперфутбол-2019": "Көк бөрү" командасынын дарбазачысы Сейитбек Анарбек уулу: "Элдер көк бөрүчүлөр топ ойной албайт деп ойлогон окшойт"

"Көк бөрү" командасынын дарбазачысы Сейитбек Анарбек уулу бир нече ирет топту гол киргизбестен тосуп алып жатты. Анын айтымында, ал оюн башталганга чейин эле командасынын утарына ишенген. "Жарым финалда утканыбызга албетте, кубанып турам. Мен буга чейин футболдо дарбазачы катарында жана дагы оюнчу катары ойноп келгем. Баары эле "Шоу-бизнес" командасын мыкты дегенинен ушул команда менен ойногубуз келген. Элдер көк бөрүчүлөр топ ойной албайт деп ойлогон окшойт. Бирок биз дээрлик күндө эле футбол ойнойбуз", - дейт ал.

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.

"Көк бөрүчүлөр" командасы "Шоу-бизнес" командасын 1:0 эсеби менен утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан