Актёр Жума Мамакеев: "Көк бөрү" командасына күйөрмандык кылабыз" (видео)

“Суперфутбол-2019” турнири бүгүн, 6-октябрда Футбол федерациясынын стадионунда өтүп жатат. Аталган оюнда саясат, шоу-бизнес, көк бөрү, ЖМК өкүлдөрүнөн куралган 4 команданын оюндары учурда кызуу жүрүүдө.
Оюнга күйөрмандык кылып келген белгилүүлөр да бар. Алардын бири актёр, профессор Мамбет Мамакеевдин небереси Жума Мамакеев. Ал "Көк бөрү" командасын колдоп келгенин айтат.

"Бүгүн ойноп жаткан бардык командалардын балдары менен таанышмын жана сый мамиледемин. Алар менен "Көк бөрү" тасмасынан бери бири-бирибизди урматтап, сыйлап келе жатабыз. Бирок ошондой болсо дагы "көк бөрүчүлөр" командасына сүрөөн берип, колдоп жатабыз. Кандай болгон күндө дагы бир эле көк бөрүчүлөр эмес, жалпы эле журналисттерге, ырчыларга, депутаттарга дагы күйөрмандык кылабыз", - деди Мамакеев.

Жума Мамакеев: "Көк бөрүчүлөрдү колдоп келдик"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан