Шоу-бизнес командасына үй-бүлөсү менен ырчы Омар күйөрмандык кылып келген. Ал быйылкы жылы тиземди сындырып алып, оюнга катыша албай калдым дейт.
"Мен жылда курама менен ойночу элем, быйыл тиземди сындырып алып, күйөрмандык кылып отурам. Келерки шейшемби бутума операция жасалат. Кийин жаз айларында футбол талаасына кайтам буюрса. Оюн боюнча жигиттер теңме-тең эле ойношту. Болгону көк бөрүчүлөр кара күчкө салышып эле утуп кетишти окшойт. Финалда эки команданын бири утсун деп бөлө албайм", - дейт ал.