Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүнкү оюн жакшы маанайда өткөнүн айтты. "Спортто ушундай күчтүү команда утат. Биз да өзүбүздү уткандай сезип жатабыз. 20-25 жаштагы балдар менен футбол ойнодук.
Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз", - дейт Жылкыбаев.
Саясатчылар журналисттерден 7:4 эсеби менен утулса, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн 5:3 эсеби менен жеңилди.
Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.