"Шоу-бизнес" командасынын оюнчусу, ырчы Мирбек Масалиев: "Биз "Супер-Инфонун" Кубогу үчүн 2008-жылдан бери күрөшүп келебиз. Быйыл 11 жыл болду. Бул жолу 4 команда болот дегенде утабыз деп ойлогонбуз. 3-орунга ээ болдук. Эмки жылы дагы турнир уюштурулса жеңебиз деген ойдобуз. Себеби 11 жылдан бери машыгып келе жаткан ырчы жигиттердин эмгеги жерде калбашы керек", - дейт ал.
Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталы Футбол боюнча улуттук курамды колдоо максатында мелдеш уюштурууда. Анда саясатчылардан, журналисттерден, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн жана көк бөрүчүлөрдөн куралган төрт команда ат салышууда.
Үчүнчү орунду "Шоу-бизнес" командасы жеңсе, "Саясатчылар" командасы мыкты оюн көрсөтүштү.
Учурда "Журналисттер" менен "Көк бөрү" командасы ойноп жатат.