"Суперфутбол-2019": Баш байгени көк бөрүчүлөргө тарттырып жиберген журналисттер: "Атаандаштарыбыз физикалык жактан күчтүү болду"

Бүгүн, 6-октябрда "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы биргеликте уюштурган "Суперфутбол-2019" турнири өттү. Анда баш байгени ат жалында улак чапкан профессионал спортчулардан куралган "Көк бөрү" командасы утуп алды.

Баш байгени колдон тарттырып жиберген журналисттердин командасынын оюнчусу Адилет Темирланов төмөнкүлөргө токтолду.

"Биз алгач кандай болсо да жеңебиз деп аракет кылдык. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, Көк бөрүчүлөр профессионал спортчулар, физикалык жактан даярдыгы күчтүү, ыкчам ойношту. Бирок тактикалык жактан алганда тең чыктык деп ойлойм", - деди ал.

"Журналисттер"командасынын оюнчусу Темирлан Владислав уулу саясатчылар менен болгон беттеште мыкты оюн көрсөткөн. Көк бөрүчүлөр менен кез келүү кандай өттү деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"Саясат командасы менен болгон беттеште 2 гол киргиздим. Ошондо бутумду кокустатып алып, кийинки беттеште андай ыкчамдыкта ойной алган жокмун. Биз жеңебиз деп ниеттендик эле, бирок көк бөрүчүлөр жеңишти илип кетти. Бардык оюнчуларга ыраазычылык билдирем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан