"Көк бөрү" командасынын оюнчусу Майрамбек Рыспеков: "Эки голду киргизгеним мен үчүн таң калычтуу деле эмес"

Финалдык беттеште 2 жолку голду киргизген "Көк бөрү" командасынын оюнчусу Майрамбек Рыспеков сүйүнүчү менен бөлүштү: "Жеңиш бизге буюрган экен. Эми менин 2 голду киргизгеним таң калычтуу деле эмес. Команда болгондон кийин ушундай ойнош керек. Чынын айтканда шоу-бизнес менен болгон оюнда даярданбаганыбыз үчүн кыйналган элек. Акыркы оюнда көндүк окшойт, оңой эле жеңишке жетиштик", - деди ал.

Бүйүр кызыткан мелдештердин жыйынтыгында, "Саясатчылар" командасы 4-орунду ал эми "Шоу-бизнес" командасы 3-орунду алды.

Ал эми турнирдин финалында "Журналисттер" менен "Көк бөрүчүлөр" кез келип, күйөрмандарга жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты. Жыйынтыгында оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, көк бөрүчү балбандар 1-орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан