Командасы жеңишке жетишсе да, жүзүнөн эмоциясы анча билине бербеген "Көк бөрү" командасынын оюнчусу Эрлан Төлөбековду кепке тарттык: "Биз ичибизден абдан кубанып жатабыз. Балким сезимдерибиз башкаларга билинбей жаткандыр. Көк бөрү да футбол да спорттун түрү. Андыктан берилүү менен ойноп жаттык", - дейт көк бөрүчү.
Бүйүр кызыткан мелдештердин жыйынтыгында, "Саясатчылар" командасы 4-орунду ал эми "Шоу-бизнес" командасы 3-орунду алды.
Ал эми турнирдин финалында "Журналисттер" менен "Көк бөрүчүлөр" кез келип, күйөрмандарга жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты. Жыйынтыгында оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, көк бөрүчү балбандар 1-орунду ээлешти.