Интернетке Өмүрбек Текебаевдин, Өмүрбек Бабановдун жана мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарады. Сүрөттү блогер Искен Афиджанов жеке баракчасына жайгаштырып, билдирүү калтырган.
Анда 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тоюнда көпчүлүк депутаттар келгендиги айтылат. Билдирүүнүн ээсинин айтымында, Текебаев менен Бабановдун жанына күтүүсүздөн Кадыр Атамбаев келген. Ал Текебаев жана Бабанов менен учурашып, сүрөткө түшүү үчүн келген дейт блогер.
Андан кийин Искен Афиджанов Өмүрбек Текебаевдин Кадыр Атамбаевге айткан сөзүн жазган. "Жаш кесиптешим, жаңылыштык кетирүүдөн коркпой, аны түзөтүүнү бил. Бул өзүңдү-өзүң өстүрүүдөгү эң жакшы ыкма", - деп кайрылган Текебаев.
Сүрөт интернет колдонуучулар арасында талкууга алынып, айрымдары Кадыр Атамбаевдин бул кылганын туура дешсе, дагы бир колдонуучу "шакарап" сүрөт болуптур деген пикирин калтырган.