Депутат 2018-жылы бюджет аткарылбай калганы боюнча кандай чаралар колдонулганын сурады

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёт каралып жатат.
Анда депутат Зиядин Жамалдинов 2018-жылы бюджет аткарылбай калганы боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн сурады.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мындан улам Салык кызматынын жана Бажы кызматынын жетекчиси кызматтан кеткенин айтты.
Депутат жетекчилерден башка канча киши кызматтан алынганын сурады.
Вице-премьер-министр билдиргендей, айрым кызматкерлерге сөгүш жарыяланып, ротация болду. Жамалдинов тийиштүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан