Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Кырсык 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган. Анда Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болгон. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасаган.
Окуучунун сөөгү 4-октябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жерге берилген. Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу болгон.