Социалдык тармакка "Таласта 16 жаштагы кызды ала качып кетти" деген аталыштагы видео тараган. Бул окуя укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, учурда териштирүү иштери башталып, видеодогу жарандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Республика боюнча ала качуу фактысы катталганы же катталбаганы дагы текшерилүүдө. Бирок жашы жете элек кызды ала качып кетүү тууралуу арыз түшкөн эмес.