Орусияда Кыргыз жарандары катышкан массалык мушташ болду

Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз жарандары катышкан мушташ орун алды. Окуя тартылып алынган видеону орусиялык телеканалдар көрсөткөн.

"Мушташ жергиликтүү базарда иштеген Кыргыз жарандары менен башка улуттун өкүлдөрүнүн арасында орун алган. Чырдын себеби катары ар кандай божомолдор айтылууда. Окуянын күбөлөрү мушташ соода орундугу үчүн төлөнбөгөн ижара акысынын айынан дешсе, айрымдары башка себептерди айтышууда. Ошондой эле окуянын жабырлануучулары тууралуу да ар кандай кептер тарап жатат. Жергиликтүү тургундар атышуудан 4 адам каза болду дешти. Башка күбөлөр жети адам жаракат алганын айтышты. Видеодон белгисиз адамдардын куралчан жүргөнүн, унаалардын өрттөнгөнүн көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Новосибирск облусунун ички иштер бөлүмү окуя Хилокс базарынын аймагында болгонун, атышуунун жана мушташтын кесепетинен бир адам жаракат алганын маалымдашты. Анда эки топтун ортусунда чыр чыккан. Укук коргоочулардын айтымында, окту асманга чырды токтотуу үчүн келген аймактык тескөөчү чыгарган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып, иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Новосибирск шаарында орун алган массалык мушташ
Орусияда Кыргыз жарандары катышкан мушташ катталып, 2 адам ооруканага жаткырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdizhapar
2019-10-08 09:33:48
Жон журбойт экенбиз да эми кесепети бей бечараларга тиет
+4
Flowhive
2019-10-08 10:29:06
Abdizhapar, жөн жүрүүдө эмес сөз.бироо тийсе жооп бериш керек да
+2
Abdizhapar
2019-10-08 10:41:33
Flowhive,не болгон экен эле
0
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-08 10:13:06
Не деген кабар? Мушташ болгонбу же болбогонбу өзү?
0
tusso
2019-10-08 12:36:40
Хилокский базарда кыргыздар жок жалаң өзбек тажик туугандар
+3
senchi
2019-10-08 15:10:22
tusso,кыргызстандык өзбектер ал жакта эң туура айттың.
+1
senchi
2019-10-08 15:13:17
Кыргызстандык өзбектер деп жазсаңар анан божомолдор эмес так маалыматын билип жазсаңар.
+4
Baian
2019-10-09 12:48:43
А пан баш доопарастар жанды какшатмай болдунарго.Эч тынч журбогон калк экенбизда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан