7-октябрь күнү Бишкекте футбол кечеси өттү. Бул кече улуттук курама команданын Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында старт алгандыгы менен командага дем берүү иретинде уюштурулган.
Аталган кечеге Александр Крестинин баш болуп, улуттук курама команданын футболчулары да катышты.
Кече Футбол федерациясы тарабынан уюштурулуп, федерация өзүнүн долбоорлорун көрсөтүү менен бирге колдоо көрсөтүп келе жаткан демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
"Футболду өнүктүрүүдө федерация гана эмес, мамлекеттик органдар, коомдук жана коммерциялык ишканалар, бизнес-компания, холдингдер, жеке ишкерлер жана күйөрмандардын салымы керек. Булардын бардыгын футболдук үй-бүлө деп айтса болот. Ар бириңер колдоо көрсөтүп келе жаткандыгыңар үчүн бүгүнкү кечеде ыраазычылык билдиребиз" - деди Футбол федерациясынын президенти Кантбек Маматов.
Коноктордун арасында футбол меценаты Аскар Салымбеков, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов жана башка спорт чөйрөсүндөгу сыйлуу адамдар катышты. Ошондой эле Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райым Матраимов да бул кечеге катышып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл чордонуна түштү.