ЖЭБ соту: Айыпталуучулар 12-декабрга чейин камакта калтырылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Кечээ, 7-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча соттук отурум өттү.
Анда жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн жасады. Бирок судья Инара Гилязетдинова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Айыпталуучулар 12-декабрга чейин камакта калтырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2019-10-08 12:19:31
Куноосу болсо мойнуна коюп карызды толотпойсунорбу кармап тура бербей же созуп олтуруп актап чыгарып коесунарбы?Акчаны эл толойбу ошондо.
+3
Absamat-90
2019-10-08 13:59:59
ЖЭБдин иши карап туруп кесип сала тургандай оной нерсе эмес.Жеген акчасы да аз эмес. Бир эле кычкач 600 доллар деп корсотулгонунон эле байкасанар болот.
+2
altyn-kumush
2019-10-08 14:04:18
Бишкек ЖЭБ шаар тургундары үчүн өтө маанилүү объект. Мындай чоң коррупциялык иштерге кимдин колу барган болсо сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алуу керек.
+2
Erik2018
2019-10-08 14:06:47
Кыргыздын элитасы каргышка калгандай элес калтырды кечеги тойдогу суроттору менен бириндин этин бирин же тим койгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан