Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз жарандардын катышуусунда массалык мушташ катталган. Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, Кыргыз жараны Новосибирсктеги базарда иштеген ишкерлерден пара талап кылып келген.
"Уруш 7-октябрь күнү болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышты, арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар. Полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бир канча киши кармалды. Кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алгандан кийин өзүнүн мекендештеринен акча талап кылып жүргөн. Жабырлануучулар мурунку жердешинен өч алууну чечишкен. Алар шектүүнүн унаасын өрттөп жиберишти", - деп жазылат маалыматтарда.
Бул окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланыштык.
"Окуя болгондон бери элчиликтин кызматкерлери, ИИМдин өкүлчүлүгү иштеп жатат. Мындан тышкары, Новосибирсктеги башкы консулдуктун кызматкери дагы окуя болгон жерге келген. Массалык маалымат каражаттарында жазылган 50 киши камалды, бирөө каза болду деген маалымат тастыкталган жок", - деди элчиликтин басма сөз кызматынан.
Кошумча маалымат берилет.