Бишкектин Свердлов РИИБине 5-октябрь күнү шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда бир тууган байкеси Хуфур Абдурахеман 4-октябрь күнү саат 18:00 чамасында BMW Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен белгисиз тарапка кетип, ошол боюнча үйүнө кайтып келген эмес.
Дайынсыз жоголуп жаткан жаран 1981-жылы туулган.
Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, чачы кара.
Кийген кийимдери: кара шым, кызыл кофта жана көк түстөгү күрмө кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюну жакындары өтүнөт.
Байланыш телефону: 0553 10 25 66, 0772 05 20 00, 0702 49 88 88, 0552 10 27 43.