Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жаш ишкерлерге көмөк көрсөтүлөт"

Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында банк кызматтарынын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Ага ылайык, Улуттук банк региондогу долбоорлорду колдоо максатында, "Кепилдик фонду" ААКсынын капиталына 550 миллион сом инвестиция жумшады: "Бул долбоордун алкагында аймактардагы старт-ап баштап жаткан ишкерлерге каржылык жактан жардам берүү каралган. Ал үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду старт-ап долбоорлорду каржылоого 1 миллион долларын бөлгөн. Азырынча бул пилоттук программа болгондуктан, өлкөбүздүн үч алыскы аймагында ишке киргени жатат. Фонд тарабынан берилген каражаттар үч областка тең бөлүштүрүлөт. "Кепилдик фонду" ААКсы старт-ап долбоорлору каржылоо үчүн тандалып алынган ишкерлерге кепилдик берет. Программанын алкагында күрөөлүк камсыздоого минималдуу талаптар коюлган. Мында төмөнкү пайыздык чен - 4 пайызды, каржылоо мөөнөтү - 7 жылды түзөт. Ал эми акча каражаттарын кайтаруу боюнча жеңилдик берилүүчү мезгил аралыгы - 24 айга каралган", - деди Абдыгулов

Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк Кепилдик фондунун 49 пайыз акциясына ээлик кылат.

Учурда Улуттук банк коммерциялык банктар жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен келишимдерди түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул программа ишке ашса, насыяларды берүү иши башталат.

Улуттук банктын бул аракеттери өлкө президентинин аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жарлыктын негизинде ишке ашып жатканы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-10-08 21:26:53
Орус Кыргыз фондунун жалан гана колунда чондор пайда корбосо карапайым эл бир тыйын пайда корбоду .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан