Жактоочу Замир Жоошев Алга Кылычовдун партиялаштарына каршы көрсөтмө бергенинин болжолдуу себептерин айтты

КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов партиялаштарына каршы көрсөтмө бергендиги маалымдалган. Бүгүн, 9-октябрда жактоочу Замир Жоошев ал маалыматты тастыктап, ага карата басымдар болгон деген божомолун айтты.

"Сурак учурунда Алга Кылычов күбөлөр менен беттештирилген. Ошондо ал партиялаштарынын ичинен Кундуз Жолдубаевага да каршы көрсөтмө берген болчу. Биз Алга Кылычовго карата күч колдонулушу мүмкүн, ошондон улам ал партиялаштарына каршы көрсөтмө бере баштады деп божомолдоп жатабыз. Мындан тышкары, ал кишинин өзүнүн абалы да жакшы эмес. Өзү да ооруп жатат. Стресстин айынан эски оорулар да козголот эмеспи. Балким күч колдонулду, балким басым жасалды, бирок муну биз так айта албайбыз", - деди Замир Жоошев.

Буга чейин Алга Кылычовдун Алмазбек Атамбаев, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Амантур Жамгырчиевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергендиги маалымдалган эле.

Бүгүн, 9-октябрда Тергөө башкы башкармалыгы Кундуз Жолдубаеваны суракка чакырды. Кылычовдун көрсөтмөсүнөн кийин Жолдубаеванын күбө деген макамы шектүүгө өзгөрүшү мүмкүн экенин Замир Жоошев айткан.

Жактоочу: “Алга Кылычовдун көрсөтмөсүнөн кийин Жолдубаеваны шектүү катары кармашы мүмкүн“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-10-09 15:19:01
Кундуз Жолдубаева сыяктуу окуянын шектүүлөр эми бири-бирин сатат. Булардын айласы калган жок. Бир тараптан каражат булагы деле камакка алынды. Эми өз күндөрүн көрүү үчүн эмнеге гана барбайт?
-1
elchi84
2019-10-09 18:40:41
Акча байлык мансап ар нерсеге барышат эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан