Социалдык тармактарда "Таласта 16 жаштагы кызды ала качып кетти" деген аталыштагы видео тараган. Бул окуя укук коргоо органдары тарабынан иликтөөгө алынган.
Бүгүн, 9-октябрда Алтынай Капалова аттуу интернет колдонуучу "видео тамаша иретинде тартылган, туура кабыл алыңыздар" деген роликти жеке баракчасына жүктөдү.
Анда өспүрүм 16 жаштагы кызды мажбурлап алып келип, аялдар жолук салганга аракет кылып жаткан видео тууралуу айтат. "Социалдык тармактарда тарап, хит болгон видео тамаша иретинде тартылган. Окуя Таласта болгон дешиптир, бирок андай эмес. Бул ала качуу эмес, жөн эле тамаша. Урматтуу кыргыз элим, туура түшүнүңүздөр. Биз бир ай мурда... ", - ушул жерден видео үзгүлтүккө учураган.
Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү "видео тамаша иретинде тартылса, кыз өзү айтпайт беле, кыз кайда?" деген пикирлерин калтырышкан.