Интернет желесине Рамазан аттуу жигиттин видеокайрылуусу тараган болчу. Анда ал 9 бир туугандын улуусу экенин, үй-бүлөсү Памирден Нарынга келишкенин айтып, батир таппай кыйналып жатышканын айткан.
Анда алар жашап жаткан батирди кожоюну сата турганын, мындан улам башка батир издөөгө туура келгенин, иниси менен апасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин айткан. Ал видео коомчулуктун көңүлүн буруп, жардам берүү керек дегендер четтен чыккан.
Андан 1 апта өтпөй ал үй-бүлөгө ишкер үй белек кылды деген видео тарады. Видеодо айтылгандай, үй Кара-Балта шаарында жайгашкан, анын кожоюну Орусияда эмгектенет. SUPER.KG порталы памирлик үй-бүлөнүн улуу баласы Рамазанга байланышып, бул боюнча пикирин уктук.
"Видеону көрүп Кылычбек Турдукулов аттуу ишкер байланышка чыкты. Ал биздин абалыбызды көрүп абдан зээни кейиптир. Мындан улам Кара-Балтадагы үйүн белек кылды. Туугандары менен байланышып кечээ Кара-Балтага бардым. Карындашы дасторкон жайып тосуп алды. Коңшулары келсек жакшы кабыл алышарын айтышты. Биз үй-бүлөбүз менен ал кишиге абдан ыраазы болуп жатабыз. Чарбагы, оокат-жайы менен үй экен. Ачкычты алып Нарынга кайтып баратам. Кара-Балтага көчүп келүү үчүн убакыт керек, мектептеги документтерди алып, дагы башка иштерибизди бүтүрүп анан көчөбүз.
Негизи кыйналып жүргөн күндөрүмдө ушундай жакшылык болот деп сезчүмүн. Үй-бүлөбүз, баарыбыз кубанып жатабыз. Эми буюрса майып иним менен апамды дарылатуу аракетин көрөбүз", - деди ал.
Ошондой эле Рамазан Кылычбек Турдукулов аттуу ишкердин сүрөтүн интернетке жарыялады.