Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.
SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов долбоордун максаты коопсуздукту камсыз кылуу болуп санала турганын айтты.
"Акыркы жылдары жол кырсыгынан көптөгөн жарандарыбыз жаракат алып, каза болуп жатат. Ошондуктан долбоордун эң негизги максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Айрымдар айып пулдун көлөмү азайса бюджетке акча түшпөй кала турганын айтышууда. Долбоордун максаты бюджетке акча чогултуу эмес. "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керек", - дейт Ормонов.