ЭЛДИК КАБАР: "Куудул Тынар Курбаналиев сабалды" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман куудул Тынар Курбаналиев сабалды деген билдирүүсүн жөнөттү. Ошондой эле ал куудулдун бети канжалаган сүрөтүн дагы жиберди. Сүрөттөн куудулдун сол кашы канаганын көрүүгө болот.

Окурмандын айтымында, азырынча так маалыматы жок. Бирок айрымдар Тынар Курбаналиев көк бөрү ойноп жатканда кулаган дешсе, айрымдары сабап кетти дешүүдө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tihonkg
2019-10-10 06:36:55
Улака жаны спартивкачан барбаса керек, бир коро албаган жандырган окшойт, жакшы болуп кетсин
+1
rysik79
2019-10-10 07:35:14
Теке сузгон.
0
altyn-kumush
2019-10-10 09:20:05
Атамбаевдин адамдары сатирага чыдай албай сабап кеткен экен да.
-1
Tyty1990
2019-10-10 09:33:44
Ким кылганы белгилүү да.
-1
titanik32
2019-10-10 10:56:35
Жогорутакы комментарий жазгандар баарыңар бокту жепсиңер,билип билбей жаза бересиңерби.Тынар улакта жаракат алган ат менен сүзүшүп кетип.
+3
Islambek123
2019-10-10 10:56:49
Эркекчилик болгонго
0
elchi84
2019-10-10 11:51:07
Катындар да жолдо калыптыр го миш миш деп!
+2
AykaMer
2019-10-11 08:03:47
Айланайын автор! Так маалымат жок деп ар кайсыны чыгарбай эле, Маалыматың болсо анан чыгарсаң,толук билип туруп анан жазсаң.Жок жерден эле бирөөлөрдү жаманатты кылбай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан