Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы жол талашкан жаранга карата ок чыгарды

Бишкекте милиция кызматкери 25 жаштагы жигитке карата ок чыгарды. Алардын ортосунда жол талашуудан улам чыр чыкканын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"9-октябрда эртең мененки саат 08:20 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңжал болуп жатат деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, чырдын себебин аныкташкан. Анда айдоочулар жол талаша кетип, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүн милиция кызматкери, Бишкек ШИИББинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов деп тааныштырган. Милиция кызматкери жол талашкан жаранга шашып жатканын билдирген. Ал эми 25 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Тойота Ремикс үлгүсүндөгү унаасынан чыгып, милиция кызматкеринин суранычын канааттандырбай, айтыша кеткен. А.Ж. колуна белгисиз каражатты алып, милиция кызматкери Амангуловдун бетине уруп, өмүрүнө коркунуч жарата турган кыймыл-аракеттерди баштаган. Милиция кызматкери өзүнүн коопсуздугу үчүн тапанчасын алып чыгып, асманга ок чыгарган. Бирок А.Ж. милиция кызматкерине асылганын токтоткон эмес. Мындан улам Нурлан Амангулов А.Ж. тарапка экинчи жолку ок чыгаруудан кийин А.Ж. унаасына отуруп, белгисиз тарапка кеткен.

Тергөө иштеринин алкагында А.Ж. Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборуна кайрылган. Анын сол колуна ок тийгени маалым болгон. Мындан тышкары, ал Ленин РИИБине арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатат", - дешти басма сөз кызматынан.

Бишкекте милиция кызматкери менен 25 жаштагы жигиттин жол талашынын айынан ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tai19
2019-10-10 09:36:57
Туура эле кылыптыр атып пешенесиге атыш керек эле!!!милицияны менсибегендерди аткыла
-4
bekov01
2019-10-10 09:46:53
Чаап ийген асылып ийген. Антип озунор жакты тартпагылада. Менимче милиция кызматкери биринчи секирдиго дейм шашотам демиш болупле сузуп ийген дей берсем болобу. Тергоо бололектеле антпегиле
+6
kriss120
2019-10-10 10:36:54
Адай арыз жазгандарды к*т деп койот еркекчилик кылбаптыр.
-5
ooki8888
2019-10-11 09:36:32
kriss120,Жон бараткан адамдын жолун Тороп, анан анысы аз келгенсип ага ок атып,анан качып кеткен милиция кызматкерин- пид*аз койот.
+1
nurbek11
2019-10-10 10:53:24
Ок айткан омуруно кол салган адамга бейбаштык менен кылмыш ишин козголуптур. Бир бечара тоок урдаса Кыргызстандакы алтындын баарын урдагандай мамиле жасашат. Кутурган ит Кутурган итти тиштебейт болуп жатат экен да корочки.
+5
amirrus
2019-10-10 11:42:43
менттерге такыр ишенич калбады,жон койсо кооп кутурсанар,уруп койсо апанарга айтсанар...Куралсыз озун коргой ала турган кууса жете турган адамдарды алуу керек ИИИге
+3
elchi84
2019-10-10 11:49:56
Ушул милиция кызматкерлери кичи пейил болуп өзүңөрдү жакшы жагынарды көрсөтсөң өр болмок документтим бар деп ар жерде дерский боло бербей.Закон бирдей баарыбызга!
+3
Kyrgyz_bloger
2019-10-10 13:37:38
Менттер оздорун актап жатат го дейм,тимеле аппак ак куу боло калышат экинчи тараптын версиясын угуу керек.
+4
aslonur
2019-10-10 13:51:19
Мыйзам иштебейт, мени деле гаилер Уруп согуп артыман ещё арыз жазып коюшуптур, наалат ким жоопкерчиликтуу болсода
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан