Куудул Тынар Курбаналиев чекеси жарылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымдалган. Интернет колдонуучулар арасында анын жабыркаганы тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Тагыраагы, айрымдар Тынар Курбаналиев саясий буйруктун негизинде сабалды дешсе, айрымдары жол кырсыгына кабылган дешүүдө. Далили жок маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу куудулдун жакындарынын бири видео кайрылуу жасады. Аты-жөнүм Болотбек Элмурат уулу деп өзүн тааныштырган мырза элди ар кандай имиштерге ишенбөөгө чакырды.
"Тынар Курбаналиев агабыз боюнча кызуу талкуулар болуп жатат. Тагыраагы, ал саясий себептерден улам сабалды, жол кырсыгына кабылды деген имиштер айтылууда. Мындан улам өзү менен байланышып, эмне болгонун тактап сурадым. Тынар агабыз ат оюндарына жакын экенин жакшы билебиз. Ал улак ойноп жатканда кокустук болуп, кашынын үстүн жабыркатып алыптыр. Абалы жакшы экен, сиздерге саламын жолдоп, алдыда көптөгөн сатира, тамашаларын тартуулай турганын билдирди", - деди ал.
"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман куудул сабалды деген билдирүүсүн жөнөткөн. Ал так маалыматы жок экенин айткан.
Көп өтпөй эле Тынар Курбаналиев ден соолугу жакшы экенин, бир күн мурда улак ойноп жатып чекесин жарып алганын билдирген. Ал ооруканага барганда белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алганын кошумчалаган.