Депутат өлкө боюнча экологиялык-ветеринардык посттордун жетишсиздиги ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканын айтты

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Турсунбаев Азизбек Кыргыз-Өзбек элинин ортосундагы соода-экономикалык абалга тоскоол болбош үчүн ветеринардык постторду курууну сунуштады.

"Кыргыз-Өзбек мамилеси жакшырды. Бирок башка көйгөйлөр бар. Ала-Бука менен өзбек ишкерлери өз ара келишим түзгөн. Анда малды, анын этин сатуу боюнча сүйлөшүү болгон. Бирок ал жерде экологиялык-ветиринардык пост жок болгондуктан, ишкерлерге тоскоолдук жаралууда. Өзбек ишкерлери узак мөөнөттүү келишим түзүп, 150 миң доллар которгон. Ага карабай иш алдыга жылбай жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан