Депутат Пархат Тулендыбаев билимдүү жаштар гана өлкөнүн маданий, тарыхый мурастарын сактап, улантып кетет деген оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Аймактарды өнүктүрүү жылында билим берүүнүн жакшыртылышына өзгөчө көңүл буруу керек. Бирок жыл аягына жакын тескерисинче бул тармакта каатчылыкка дуушар болдук. Аймактарда мектеп жана бала бакчалар жетишсиз. Иштеп жаткандары да оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Алыскы аймактарды коюп, Бишкектин четиндеги айылдарда мектеп көйгөйү чечилбей келет. Алсак төмөнкү Ала-Арча, Пригородный жана Маевка айылдарынын мектептери оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай мектептер өлкө боюнча ондоп саналат. Ушул меселени тезирээк чечүү керек", - деди ал.