Балдар үчүн коопсуздук жабдуулары жок жүргөн айдоочулар 3 миң сом өлчөмүндө айып төлөшөт

Балдардын коопсуздугун сактоо максатында жол кыймылынын эрежелерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда болгон маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиев билдирди. Маалыматка ылайык, бул кодекс 2019-жылдын 1-январынан баштап эле күчүнө кирген. Анда балдар үчүн атайын жабдуулары жок болгон айдоочуларга 3000 сом өлчөмүндө айып каралган.

"Кодекске 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, мотоциклдин арткы отургучунда борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда баланын боюна, салмагына шайкеш атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автоунаанын алдыңкы отургучунда баланы отургузууга тыюу салынды. Булардын баары бузуулар кодексиндеги беренеге кирди. Механизмди ушул мыйзамга дал келтирдик. Мыйзамды аткаруу боюнча Өкмөт токтому бекитилди. Биздин кызматкерлер тиешелүү чараларды колдонуу менен иш алып барат", - деди ал.

Маалым болгондой, балдарды ташып жүрүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн атайын санкциялар да каралган. Бул үчүн айдоочуларга экинчи категориядагы айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2019-10-10 15:38:36
Ал мыйзамды айыл жерине колдонбой эле койсун
+5
Kombi
2019-10-10 15:53:57
Атайын отургуччу(коляска)жок болсо, кокус ДТП болуп кетсе жаш бала мерт кетет. Айылбы шаарбы 40 км ашса опасно
0
Mister-X
2019-10-10 16:04:24
Детское кресло алдыда отурган 12 жашка чейинки балага созсуз керек.Россияда арткы орундукта отурган балага 7жашка чейин милдеттуу турдо колдонулат. Андан жогорку жаштагы балдарга коопсуздук куру менен журууго уруксат берди.
+1
rysik79
2019-10-10 17:40:00
Кайра эле концерт. Эми балалууларга кресло деген балеее чыгат. Кресло сатмай бизнести баштаса керек бироо жарымынын бала чакасы же аялы.
+3
bond02
2019-10-10 18:00:07
Россияны туурамай.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-11 00:42:12
Өлдү бул жагы. Менин балам 2.5 жашта. Алдыга отурбаса кусуп баштайт. Анан ремень тагып отургузуп коем бираз чалкалатып. Сонун кетет. Эми не болот бул законуңардын айынан? Кусуп эле жатып калабызбы?
Эй кан соргучтар!!!! Баламдын жеген тамагын аш кылдыргылачы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан