Бишкекте бала бакча өрттөндү. Күбө анын кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып бөбөктөрдү куткарышканын айтат

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Көк-Жар кичи районундагы бала бакча өрттөндү. Өрт чыккан учурда бакчадагы балдар жаңы эле уйкудан ойгонушканын күбөлөр жана ата-энелер билдиришти.

"Бактыга жараша балдардын баары аман. Мен бала бакчанын кызматкерлерине аябай ыраазы болдум. Алар өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып, балдардын баарын экиден, үчтөн көтөрүп сыртка чыгарышты. Андан кийин өрт өчүрүү кызматы келип өрттү курчоого алды. Ата-энелердин арасында ар кандай ой келип коркуп кеткендер бар. Бири-бирин тынчтандырып жатышат", - деди күбө.

Учурда бакчадан чыккан өрттү өчүрүү улантылууда. Жалпысынан өрт өчүрүү кызматынан үч бригада тартылган.

Бишкекте бала бакча өрттөндү. Күбө ал учурда балдар жаңы уйкудан ойгонушканын айтат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2019-10-10 17:35:15
Уй го бакча эмес эле
0
Aijamalkm
2019-10-10 17:44:19
Частный садик окшойтко. Эн негизгиси балдар Аман экен. Кыргызстандан жакшы жанылык укпай калдык акыркы учурда.
+7
Alia82
2019-10-10 18:34:05
Азаматтар, балдарды куткаргандарга Алла ыраазы болсун
+4
munduz2016
2019-10-10 21:10:08
Балдарды куткаргандарга сыйлык бербейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан