Экс-депутат Данияр Тербишалиев: "Азыр Кыргыз мамлекетинде миңдеген партиялар бар ошонун бардыгы парламентке өтө албайт да. Ошондуктан идеялары бир партиялар биригиши керек". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев 9 пайыздык босого чегин колдой турганын айтты.

"Жалпысынан бул дүйнөлүк процесс. Партиялар чоңоюп, кеңейип, биригиши керек. Азыр Кыргыз мамлекетинде миңдеген партиялар бар ошонун бардыгы парламентке өтө албайт да. Идеясы бир болгон партиялар биригип, бир партия менен чыгышы шарт. Бул жакшы процесс. Партия шайлоодон өтөбү же өтпөйбү бул шайлоочулардан көз каранды. Эгерде партиянын программасы жакшы болсо, партиянын ичинде татыктуу адамдар болсо эл добушун берет. Шайлоочулардын ой-пикирлери, саясий процесстерге көз карашы өзгөрдү. 9 пайыздык босого чеги туура эле. Босоголук чектин жогору болгонун колдойм", - дейт Тербишалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан