Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү "Тез жардам" кызматына 12 жаштагы кыздын зордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн. Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстандын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган. Ал Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.
Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси боюнча катталган.