"Эйр Манас" компаниясы 11-октябрга белгиленген Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарын токтотту. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кампада учактын мүчүлүштүктөрүн оңдоо үчүн керектүү тетиктер жок. Тетиктерди АКШдан алып келгенге бир топ убакыт кетет. Ошондуктан 11-октябрдагы бардык каттамдар токтотулду. Жүргүнчүлөр билеттерин башка күнкүгө алмаштырууга же акчасын толук кайтарып ала алышат. "Эйр Манас" компаниясынын 193 (7:35), 194 (9:50), 197(12:00), 198 (13:50) 205 (16:00), 206 (18:10) каттамдары токтотулду.