Бүгүн, 10-октябрда кыргыз футболчулары Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Мьянманы кабыл алды.
Оюн толугу менен кыргыз футболчуларынын көзөмөлүндө өттү. Биринчи таймда эле эсеп саны 5:0 болду.
Бернхардт эки жолу, Алыкулов, Шукуров жана Кичин 1ден гол киргизишти.
Экинчи таймда Шукуров экинчи голун киргизсе, Бернхардт үчүнчү голун киргизди. Жыйынтыгында эсеп саны - 7:0 болду.
Эми кыргыз футболчулары 15-октябрда конокто Монголия менен беттешет.