Интернетке экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки унаа тапшырып жаткан видео тарады.
Видеодо Эркин Мамбеталиев: "Менден жана менин үй-бүлөмдүн атынан белек. Чын жүрөктөн берип жатабыз, көпкө кызмат кылат. Бата берип койгула жолго чыгалы. Жарнама кылбай эле коёлу дегем, чоңдоруңар болбой койду", - деп айткан.
Анда милиция кызматкерлери ага ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.
8-октябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө Жип үлгүсүндөгү эки унааны Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат тараган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. Эркин Мамбеталиевге тиешелүү унаалардын терезелери караңгылатылганы үчүн айып пул салынган деген маалымат таратышкан.