9-11-октябрга чейин "Бишкектин жүргүнчүлөр автотранспорту" ишканасы айдоочуларга атайын инструктаж өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулар жол эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырышат. Тесттен өтпөй калгандар жүргүнчүлөрдү ташыбайт. Бирок тажрыйбалуу кызматкерлердин ар бирине кетирген каталарын жоюуга жана ишин жакшы өздөштүрүүгө убакыт берилет. Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөөнү күчөтөт.