Милиция кызматкерлери Кантта окуучу кызды зордуктоого аракет кылган жарандын аты-жөнүн аныктады. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жаткандыгын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-октябрда милиция бөлүмүнө 48 жаштагы М.С. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арыздануучу өспүрүм кызын белгисиз жаран үйдүн короосунан зордуктоого аракет кылганын маалымдаган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен катталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми милиция кызматкерлери шектүүнүн ким экендигин аныктап, издөөгө алды.
Жабырлануучу окуя тууралуу социалдык тармактагы баракчасына дагы жазып чыккан.