Интернет тармагында "Айдоочуну жөнөкөй жаран уруп салды" деген видео тарады. Анда белгисиз жаран айдоочуга "жерге түш" деп кайрылат. Айдоочу эшикти ачып жатканда белгисиз жаран аны муштап жиберген. Ал күбөлөрдүн "өзүңдөн улуу киши экен, кой" дегенине карабай, ал эки-үч жолу урганга үлгүрөт.
Айдоочуну урган жарандын аты-жөнү такталганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Видео кайсы жерде болгонун жана айдоочунүн ким экенин тактоо иштери жүрүп жатат. Ал эми айдоочуну урган жарандын аты-жөнү такталды. Ал 1989-жылы туулган А.Э. болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө иштери улантылууда", - деди маалымат кызматынан.