Футбол талаасына чуркап чыккан күйөрманга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды

Кыргыз-Мьянма беттешинде футбол талаасына чуркап чыккан күйөрманга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирет.

Маалым болгондой, чуркап чыккан күйөрмандын аты-жөнү такталып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө алып келинген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси боюнча катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Кыргыз-Мьянма беттеши 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jigit.paren
2019-10-11 15:03:54
Чала болот мындай ХХХХ жазалаш керек кыйратып койгонсуп талтандап чуркап чыгат ХХХХ.
+11
Shabi
2019-10-11 15:32:43
Федерация толой турчу штрафты ушуга толотуп койсо.
+12
KAYRATBEK
2019-10-11 16:10:03
Туугандар футбол коруунун жана куйормандык кылуунун маданиятын уйронолу. Озубуздун жапайы кылык жоругубузду оюн талаасына чуркап чыгып корсотпойлу. Суутуп койгонсуп жэ б.к бышырып койгонсуп чуркап чыкканды токтотолу. Кыргыз Федерациясы бир манкурт учун миллиондогон сумма айып пул толойт. Ушундай манкурттук кайталана берсе кыргызстанда бир да оюнга FIFA уруксат бербей койот.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан