КҮНСОБОЛ: Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы? Гүлжигит Исаков: "Мигранттардын көпчүлүгүнүн добушу бийликке каршы берилет"

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин айтты. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков шайлоо системинде 6 негизги тоскоолдуктар бар экенин айтты.

"Учурдагы эсеп боюнча Кыргыз Республикасында 4,3 миллион шайлоочу бар. Шайлоо системинде 6 негизги тоскоолдук бар.

  1. Баш мыйзам боюнча 18 жашка толгон ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 1,3 миллиондон ашуун жарандар Конституцияга туура келбеген мыйзамдан улам шайлоо укугунан чектелген.
  2. Дагы 1 миллиондой мигрант болуп жүргөн жарандарыбызга шайлоо түйүндөрү ачылбай, шайлоо укуктарынан чектелип калышууда. Сөзүм так болушу үчүн 2010-жылы, 2011-жылы, 2015-жылы, 2017-жылы чет өлкөлөрдө добуш бергендердин санын карап коюңуздар, бардыгында бир нече миңден ашпайт. Бул абсурд!
  3. Анан калган-каткан шайлоочуларды "кошумча тизме" менен категоризациялап алышууда. Ыңгайсыздары тизмеге кирбей калышууда же шайлоого бара турган тилкеси башка аймакта болуп калууда. Калган шайлоочуларды сатып алышууда. 1 миллионго жакын бюджетте иштегендерге жана пенсионерлерге басым жасалууда, административдик ресурс колдонулууда.
  4. 9 пайыздык босого чеги дагы тоскоолдуктардын бири.
  5. 5 миллион сомдук төлөм дагы тоскоолдуктардын бири.
  6. Конституцияда эл депутаттарды түз шайлайт деген норма бар. Депутаттарды түз шайлоо нормасы кирмейин, партия лидерлери элдин эркине чек коё берет", - дейт Гүлжигит Исаков.

Ал мигранттардын көпчүлүгүнүн добушу бийликке каршы бериле турганын кошумчалады. "Мигранттардын добуштары эч бир саясатчынын жеке менчигинде эмес. Чечим чыгаруучулар иш жүзүндө ушул 6 тоскоолдукту жойсо гана чыныгы элдик башкаруу жөнүндө айта алабыз. Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарындагы партиялар жалпы шайлоочулардын 36-37 пайызын гана чагылдырып келет.

Эгерде бул тоскоолдуктар жоюлбаса, бул көрсөткүч 30 пайыздан дагы төмөн түшүп кетет жана Жогорку Кеңеш элдин таламын жана эркин чагылдырбай эле, бир ууч коррупционер жана саткындардын кызыкчылыгын коргогон институтка айланат. Жалпы шайлоочулардын 50 пайызынан көбү шайлоого келип бергенде гана шайлоо өттү деп эсептелиши зарыл. Учурдагы норма боюнча, шайлоого 100 киши келип берсе дагы шайлоо өттү деп эсептеле берет.

Кыргыз Республикасын талкалоочу бул систем жоюлмайынча, эч бир курулай убадага ишенбөө керек. Иш жүзүндө барган кадамдарга көңүл буруу керек, оозеки декларацияларга эмес", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан