Ошто кылмыш чөйрөсүндө "Казак" каймана аты менен белгилүү болгон жаран кармалды

Ош шаарында кылмыш чөйрөсүндө "Казак" каймана аты менен белгилүү М.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Ош шаарынын "Скай-бар" түнкү эс алуу борборунда Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну менен шектүү сөз талаша кетишкен. Мындан улам ал 23 жаштагы жаранды миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүү М.У. кечээ, 10-октябрда кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келинген. Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, 48 саатка кармоо чечими чыгарылган.

Бирок сурак учурунда ал өзүн начар сезгендигине байланыштуу жактоочусу тарабынан "Тез жардам" чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынды.

Шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Ош ШИИБи кимде ким ушул "Казак" каймана аты бар, ИИМде "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү" катары каттоосунда турган жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнөт.

Байланыш телефону: 03222-2-46-78.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Islambek123
2019-10-11 19:01:35
Буларда чиновниктерден ойонгонго дейм
-1
elb_2121
2019-10-11 19:29:29
же козун ачып жузун баарын коргозгуло да ушунча болгон сон не кыласынар жашырып же чыгарбагыла
+11
elchi84
2019-10-11 19:31:47
Бизде мамлекет деген аты болбосо эчтеке деле калбады ,элиталар бир жактан милициялар бул жактан анан дагы ушуга окшогон каймана аты барлар көбөйдү.
+12
Avrora2017
2019-10-11 20:12:04
elchi84,бордель
+2
Sicilya
2019-10-11 20:25:38
elchi84,ошону айтсан ортодо карапайым элге еле кыйын.
+4
talaa11
2019-10-11 22:05:29
Ушунун баары Кыргыз олкосундо тартиптин жоктугунан келип чыгып жатат акчасы,крышасы барлар ойундагысын жасашат мыйзам иштебейт кыскасы Кыргызстан Эшек жайлоо болуп бутту
+8
KaGaH
2019-10-12 00:47:14
Черныйы менен красныйы колтукташып куда сөөк болуп калган заман,бири бирин крышевать этишип,ашмалтайы чыккан заман болду
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан