Депутат Дастан Бекешев: "Биз келечекте почта менен бюллеттендерди жөнөткөн эрежелерди киргизсек, анда жарандарыбыз шайлоого толук катыша алмак". КҮНСОБОЛ

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин айтты. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет мамлекеттерде жашаган Кыргыз жарандарынын шайлоого катышууга толук укугу бар экенин, эгер ошол мамлекетте элчилик же консулдук жок болсо, анда ал жаран айласыз шайлоого катыша албай кала турганын айтты.

"Мигранттар негизи добуш берүүгө мыйзам боюнча катыша алат. Азыр эрежелер боюнча чет өлкөдөн болсоң элчиликке барып, консулдукка кезекке турушуң керек. Кезекке тургандан кийин, ал жактан шайлоого катышуу өтүнмөсү келет. Эмне үчүн консулдукка кезекке туруш керек? Себеби бул жактан бюллеттень жиберишет. Алар так санын билиши керек да. Качан сан белгилүү болгондон кийин, маалыматтар базасы жиберилет. Аты-жөнү белгилүү болгон кишилер, ал жакта барбы же жокпу, аныкталышы керек. Мындан сырткары, ал жактан биометрикалык каттоону карашат.

Менимче, чет өлкөдө жашаган жаран шайлоого катышам десе, анын укугу, мүмкүнчүлүгү дагы бар. Бирок кээ бир мамлекеттерде бул маселеге байланыштуу көйгөйлөр жок эмес. Ал көйгөй кээ бир өлкөлөрдө элчилик жана консулдук жок. Ошондуктан ал жарандар шайлоого катыша алышпайт. Биз келечекте почта менен бюллеттендерди жөнөткөн эрежелерди киргизсек, анда жарандарыбыз шайлоо мүмкүнчүлүгүнө толук ээ болмок", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан